Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда эки адам мечиттен уурулук менен алектенген - видео

Март айында эле 6 уурулук фактысы катталган

Чүй облусунда эки адам мечиттен акча уурдап кетишкенин облустук ИИБ билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, ушул жылдын февраль айынан март айына чейин Чүй облусунда мечиттерден акча уурдоо фактылары көбөйгөн. Март айында уурулук боюнча 6 факты катталган: Ысык-Ата районунда 3, Москва жана Чүй облустарында бирден, Токмок шаарында бирден.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (уурулук) беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.

Кылмыш иштерин иликтөө учурунда бардык кылмыштардын окшош экендиги аныкталып, ошону менен ыкчам кызматкерлер кылмышкерлердин өздүгүн тактоого жетишкен.

27-март күнү мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон 28 жаштагы К.Б. жана 24 жаштагы П.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандардан уурдалган буюмдар табылып, буюмдук далилдер аныкталды.

Кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы такталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх