Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кырсыктын кесепетинен Бишкек, Чүй жана Талас облустарында 10 адам жабыркаган

150дөн ашык имарат жана үйлөр жабыркаган

Катуу шамалдын кесепетинен Бишкек, Чүй жана Талас облустарында 10 адам жабыркады, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, башкармалыктын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен 70 социалдык объекти, 80 турак жай, 4 бизнес имараты жабыркап, жалпысынан 154 объект жабыркаган.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында 66 объект, анын ичинде 26 социалдык мекеме, 36 турак жай жана 4 коммерциялык имарат жабыркаган. Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объектинин жана 42 турак жайдын, жалпысынан 84 объектинин чатырын учуруп кеткен.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Чүй облусунун бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кечээ шамалдын ылдамдыгы секундасына 26-28 метрге жеткен.

Бишкекте аба ырайынын бузулушунан эки адам - өспүрүм жана аял жабыркаган. Алар жаракат алып ооруканага жаткырылды.

28-март күнү саат 19.00гө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен төмөнкү үйлөрдүн чатырлары жабыркаган:

Бишкек шаарында үч социалдык мекеме жана 25 турак жай;
Чүй облусунда алты социалдык мекеме жана 15 турак жай.


Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх