Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас шаарынын тургунунан опузалап акча талап кылып, унаасын тартып алышкан - Видео

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карызын өндүрүү өтүнүчү менен казак жараны кайрылган

Талас районунда жергиликтүү тургундан акча талап кылып жүргөн К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ж.А.А, К.Э.Ж. жана башка адамдар күч зомбулук көрсөтөм деп коркутуп Казакстандын жараны Т.Т.Т.дан 60 миң сом карызын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган шылтоо менен жарандан 250 000 сом талап кылышкан. Ошол эле учурда 2023-жылдын декабрынан бүгүнкү күнгө чейин карыздын кечиктирилиши үчүн “пайыздар” деп аталган сумманы эске алуу менен талап кылынган сумма 250 миң сомго чейин көбөйгөн.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү К.Э.Ж. 140 000 сом өлчөмүндө талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.

Маалым болгондой, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Т.Т.Т.га таандык «БМВ» үлгүсүндөгү унааны да күрөөгө мыйзамсыз ээлеп алышкан. Автоунаа жаран К.Э.Ж.нын гаражынан табылган.

Кармалган К.Э.Ж. жана Ж.А.А. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактылары тууралуу маалыматы бар жарандарды тез арада 0312-66-04-75 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх