Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эсептөө палатасынын инспектору Бишкектеги мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылган

Ал пара алып жаткан жерден кармалды

Бишкекте мектеп жана бала бакчалардын директорлорун опузалап акча талап кылган Эсеп палатасынын инспектору кармалганын УКМК билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, М.Ф.К. шаардык мэриянын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнө текшерүү учурунда, отчетто одоно каржылык мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн деген шылтоо менен, ошондой эле 2022-жылга карата 19 мектеп жана 3 балдардын чыгармачылык борборлоруна кийинки текшерүү жүргүзүлбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен акча талап кылган.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги райондогу ар бир мектептен жана бала бакчадан 25 миң сомдон чогулткан.

Маалым болгондой, инспектор өзүнүн аракети менен мектеп жетекчилерин ар кандай шылтоолор менен ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга мажбур кылган.

М.Ф.К. пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

 

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх