Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жети-Өгүздө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды - видео

Катылган жерден гранаталар, түтүн чыгарган бомбалар жана патрондор табылган

Жети-Өгүз районунда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

30-мартта УКМК сапёрлор тобунун катышуусунда Жети-Өгүз районунун Саруу айылына жакын жердеги эски сүт-товар фермасынын аймагындагы жашыруун жайды таап, ал жерден эки колго кармалуучу күжүрмөн граната "РГД-5", 2 чет өлкөлүк өндүрүштөгү жеңил үндүү граната, 4 түтүн бомбасы, 7,62х54 калибрдеги снайпердик куралдар үчүн 16 патрон жана 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табышкан.

«Бул факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу максатында иликтөө иштери башталды», - деп кошумчалады УКМК.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх