Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксыда мектеп окуучусу бычактан алган жаракатынан каза болду

Өспүрүмдөр чач тарачка кезек талашкан

Аксы районунда 11-класстын окуучусу бычактан алган жаракатынан улам каза болду.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 31-март күнү болгон. Саат 20.30да ооруканадан 17 жаштагы айыл тургуну сол каптал бөлүгүнө жана оң алаканына бычактан алган жаракаты менен келип түшкөндүгү тууралуу чакыруу түшкөн.

Бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө учурунда он биринчи класстын окуучусу менен 9-класстын окуучусунун ортосунда чач тарачта кезектен улам чыр чыкканы белгилүү болду. Көчөдө өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал мушташка айланып кеткен. Натыйжада 9-класстын окуучусу бүктөлүүчү бычакты алып чыгып, 17 жаштагы баланы жарадар кылган. Жабырлануучу ошол эле күнү кечинде реанимацияда каза болгон. 9-класстын окуучусу травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Ички иштер башкармалыгы тергөөнүн жыйынтыгы менен берененин классификациясы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх