Бишкектеги катуу шамал. Мэрия келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп чыкты
Борбор калаада өзгөчө кырдаал режими алынып салынды
Бишкекте 4-апрелден тарта өзгөчө кырдаал режими алынды.
Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, райондордун Жарандык коргонуу комиссияларынын ишинин жыйынтыгы менен болжолдуу түрдө катуу шамалдан келтирилген чыгым 16 млн 749 миң 923 сомду түздү.
Бишкекте 28-мартта болгон катуу шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркаган. 144 дарак кулаган жана 13 унаа жабыркаган. 101 объектинин чатыры жабыркаган, анын ичинен 37 социалдык имарат, 54 турак жай жана башка объектилер. Төрт аймакта троллейбус линиялары бузулуп, 10 аймактан тышкы жарык берүүчү линиялар үзүлгөн.
«Тазалык» ишканасынан авариялык абалдын кесепеттерин жоюуга 31 атайын техника жана 143 жумушчу тартылып, «Бишкекзеленстрой» ишканасынан 21 даана атайын техника алынып келинди. Ошондой эле Чыгыш электр станциясынын 12 бригадасы жана Түндүк электр станциясынын 10 бригадасы кесепеттерди жоюуга тартылган.
Эскерте кетсек, 28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 26-28 метрге чейин жеткен. Ооруканаларга 24 адам кайрылса, анын 10у Бишкек шаарында, 4ү ооруканага жаткырылган. 160тан ашык имарат жана унаалар жабыркаган. Анын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Сүрөт: www