Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 23 жаштагы мас абалдагы кыз Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткен

«Перехват» планы киргизилип, кыз кармалды

Бишкекте мас абалында унаа уурдап кеткен 23 жаштагы кыз кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкендей, окуя кечээ эртең менен болгон. Белгисиз адамдар ТЭЦтин жанында токтоп турган Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Перехват» планы киргизилген. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 23 жаштагы О.Ж. мас абалында болгон. Ал тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

 

 

Сүрөт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх