Кегети - Чыгыш Каракол жолунда таш көчкү жүрдү
Учурда аймак толугу менен тазаланды
Кегети-Чыгыш Каракол унаа жолунун 23-чакырымында көлөмү 150 метр кубду түзгөн таш кулап түшкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, анын кесепетинен жолдун мал өтүүчү бөлүгү тосулуп калган.
«Учурда аймак толугу менен тазаланды. Окуя болгон жерге бир жүктөгүч жана эки жумушчу алынып келинди», - деп айтылат маалыматта.
Сүрөт Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз