Катуу шамалдан келтирилген жалпы чыгым 40,3 миллион сомго жетти
Жабырлангандардын абалы канааттандырарлык
Кыргызстанда 28-мартта болгон катуу шамалдын жалпы зыяны 40 миллион 317 миң сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыманап Гүлжигитов Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча 289 объект жабыркаган: 144 турак жай, 115 социалдык объект, 30 айыл чарба имараты, 13 автоунаа, 144 бак кулаган.
Чүй облусунда 87 турак жай, 76 социалдык объект, 20 айыл чарба имараты жабыркаган. Келтирилген чыгым 23,5 миллион сомду түзгөн.
Бишкек шаарында 54 турак жай, 37 социалдык объект, 10 айыл чарба имараты жабыркаган. Келтирилген зыян – 16,7 млн сомду түздү.
Ошондой эле, Абдыманап Гүлжигитов катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган 10 жарандын абалы канааттандырарлык экенин жана алар дарыланып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 26-28 метрге чейин жеткен. Ооруканаларга 24 адам кайрылса, анын 10у Бишкек шаарында, 4ү ооруканага жаткырылган. 160тан ашык имарат жана унаалар жабыркаган. Анын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Сүрөт: www