Ошто толгоо тартып жаткан аял каза болду
Жаңы төрөлгөн кызды аман алып калышты
Оштун шаардык перинаталдык борборунда толгоо тартып жаткан 30 жаштагы аял каза болду. Редакциялык маалыматты КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.
Анын айтымында, аял ооруканага 25-мартта өтө оор абалда кош бойлуулуктун 33 аптасында түшкөн.
«Толгогон аялдын жүрөгүндө кемтик бар болгондуктан, шашылыш операция жасоо чечими кабыл алынган. 2 кг 350 гр салмакта кыз төрөлүп, реанимация бөлүмүндө эс-учу жок жаткан. Көрүлгөн чараларга карабастан, ал 3-апрелде каза болгон. Жаңы төрөлгөн ымыркай 6-апрелде патология бөлүмүнө которулду», - деди Раиса Асылбашева.
Эскерте кетсек, Каракол шаарында 24-март күнү Түп айылынын 18 жаштагы тургуну төрөт учурунда, ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайы 13 күндөн кийин чарчап калган.
Сүрөт: www