Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аткезчилер 4 миллион сомдук товарын таштап, чек арачыларды көрүп качып кетишкен

Кылмышкерлер Өзбекстандын аймагына качып кетишкен

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары контрабандалык жүктүн ири партиясын кармашты.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде чек ара кезмети мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан эки белгисиз адамды байкап, алар аскер кызматкерлерин көрүп, Өзбекстандын аймагын көздөй изин жашырып кетишкен.

Окуя болгон жерге келген чек арачылар ташталган төрт мүшөк БАД (1440 даана) IPAR фирмасынан Nutrivero дарысын табышкан.

Товардын баасы болжол менен 4 миллион сомду түзгөн.

Документ иштери бүткөндөн кийин аткезчилик жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМКнын чек ара кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх