Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шопоководо мас абалындагы 19 жаштагы бала жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен

Ал ысык издери менен кармалган

Сокулук районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 7-апрелге караган түнү Шопоковонун Фрунзе көчөсүндө болгон. 46 жаштагы адам алган жаракатынан улам каза болуп, кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен.

Перехват планы жарыяланып, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал 2005-жылы туулган Т.А. мас болуп, Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны айдап бараткандыгы аныкталды.

Автоунаанын кагылышы фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу), 144-беренеси (Кооптуу абалга келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа айып жайга киргизилди.

 

Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх