Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Манас" аэропортунан кыргызстандык аял 1 миллион 900 миң сомдук алтын менен кармалды

Ал зер буюмдарын кийиминин астына катып алып өтүүгө аракет кылган

“Манас” бажысынын кызматкерлери зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү аракетин токтотушту.

Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Стамбул-Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлү Кыргызстандын жараны А.К. товарларды бажы контролунан жашыруу фактысы боюнча кармады. Ал кийиминин астына 373,10 грамм салмактагы 24 даана алтын буюмдарды (чынжыр, билерик) мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Кармалган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 миллион 905 миң 19 сомду түзгөн.

 

 

Фото: Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх