Кыргызстандын түштүгүндө кечээ үч жолу жер титирөө болду
Жалал-Абад облусунда жер титирөөлөр катталды
Жалал-Абад облусунда кечээ күчү 3 баллга жакын үч жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, биринчи жер титирөө саат 8.36да катталган. Очогу Тоскоол айылынан 8 чакырым түндүк-батышты, Майлуу-Суу шаарынан 18 чакырым чыгышты, Жалал-Абад шаарынан 43 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Тоскоол айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жакын болгон.
Экинчи жер титирөө саат 15.04тө Жалал-Абад облусунун батыш тарабында катталган. Очогу Ак-Таш айылынан 17 чакырым түндүктө, Каныш-Кыя айылынан 22 чакырым түндүк-батышты карай, Терек-Сай айылынан 42 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Үчүнчү жер титирөө саат 16.01де облустун түштүк аймагында катталган. Очогу Арал айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышты, Теш айылынан 9 чакырым түндүк-чыгышты, Сузак айылынан 12 чакырым түндүк-батышты, Жалал-Абад шаарынан 20 чакырым түштүк-батышты, Анжиян шаарынан 38 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.
Сүрөт: www