Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмоктогу токойдон жаран сабалып, тонолгон

Эки киши кармалды

Токмок шаарында тоноочулукка шектелгендер кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.

Мекемеден билдиришкендей, 25-март күнү милицияга 23 жаштагы жигит кайрылып, бир күн мурун Токмак шаарынын З.Космодемьянская көчөсүндөгү токой тилкесинде эки адам аны сабап, өлтүрөм деп коркутуп, телефонун жана акчасын алып качып кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар 1975-жылы туулган К.Р., жана К.А. болуп чыкты. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

 Сүрөттү ИИБнин басма сөз кызматы таратты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх