Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 45 миң доллар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ал борбор калаанын тургунуна Орусиядан 6 унаа алып келем деп убада берип, бирок акчасын алып дайынсыз жоголгон

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, буга чейин милицияга шаар тургуну кайрылып, ал февраль айында Б.А. анын ишенимине кирип, Орусиядан 6 унаа алып келем деген шылтоо менен андан 45 миң доллар алып, андан кийин дайынсыз жок болуп кеткен.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1980-жылы туулган Б.А., кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх