Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алдамчы Ош шаарынын тургунун 35 миң долларга алдап кеткен

Ал табылып, кармалды

Ош облусунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн шектүү кармалды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейин жабырлануучу милицияга кайрылып, М.Г. курулуш материалдарын алып берем деп, андан 35 миң доллар алган. Бирок ал убадасын аткарбай, акчасын алып качып кеткен.

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

12-апрель күнү Ош шаарынын 1965-жылы туулган тургуну М.Г кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх