Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Газ ишканасынан дээрлик 3 миллион сомдук түтүктөр уурдалган

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты

Аламүдүн районунда өзгөчө ири өлчөмдө түтүк уурдоого шектүүлөр кармалды.

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, 13-мартта «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын жетекчилиги 23-25-февраль күндөрү Мыкан жана Садовое айылдарынын ортосунда талаага көмүлгөн газ түтүктөрүн уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен РИИБге кайрылган. Келтирилген материалдык чыгым 2 миллион 970 миң сомду түздү.

Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Х.Р., 1981-жылы туулган Ы.Д. кармалышты. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Кармалгандардан уурдалган түтүктөрдүн бир бөлүгү табылды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх