Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн өзгөчө кооптуу чет элдик жаранды кармады

Ал КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранды кармады.

Башкармалыктын маалыматына караганда, Ч.Д. Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары эл аралык издөөдө жүргөн.

«Кармалган чет элдик өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды легалдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу топтун уюштуруучусу», — деп айтылат маалыматта.

Ч.Д. КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх