Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол эрежесин билүү боюнча экзамендерди “ийгиликтүү” тапшырганы үчүн экзаменден 50 миң сом талап кылышкан - видео

“Унаа”нын адиси пара менен кармалды

Министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, “Унаа”нын кызматкерлери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жол эрежесин билүү боюнча экзамендерди «ийгиликтүү» тапшырганы үчүн акча талап кылышкан. Алар ар бир тапшыруучудан 50 миң сомдон талап кылышкан. Пара берүү учуру көзөмөл камерасына жаздырылып калган.

Бул факты боюнча “Унаа”нын адиси Б.М.Ш кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуяга тиешеси бар башка адамдар такталууда.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх