Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кантта тергөөчү сабалды. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Чүй облусундагы Кантта милиция кызматкерин сабаган жигиттер кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мурдараак маалымдалгандай, 14-апрель күнү саат 04:00 чамасында Маркет-24 дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар 33 жаштагы К.Р.ны сабап салышкан. Жабырлануучу оң жагындагы ээк бөлүгүндө ылдыйкы жаактын ачык сыныгы, сол тарабындагы жабык сыныгы диагнозу менен Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучу Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү болуп иштейт.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр 1989-жылы туулган Д.А., 1991-жылы туулган И.Т., 1989-жылы туулган Э.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт: Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх