Ош облусунда жер титирөө катталды
Бир катар айылдардын тургундары жер титирөөнү сезишти
16-апрелде саат 19:29да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, булак Нура айылынан 15 чакырым түштүк-батышты карай, Кара-Киндик айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышты карай, Ош шаарынан 125 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөө Нура, Икизяк, Кек-Суу айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Эркештам айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз