Бишкектеги Технопарк соода борборунун жанында массалык мушташ болду - видео
Милиция мушташтын катышуучуларын издеп жатат
Бишкекте Горький көчөсүндөгү Технопарк соода борборунун жанында массалык мушташ чыкты. Видео социалдык тармактарда пайда болду.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, окуя 15-апрелде болгон.
Абайлаңыз, видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!
Бул факты турак маалымат журналында катталганын ИИМ билдирди. Учурда мушташка катышкандардын өздүгү такталууда.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз