Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин РИИБнин тергөөчүсү 180 миң сом опузалап жаткан жеринен кармалды.

Аны УКМК кызматкерлери пара алуу учурунда кармашкан

УКМК Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсүн 180 миң сом опузалап жаткан жеринен кармады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, милициянын лейтенанты А.Е.А. арыз ээси соттолуучу болгон кылмыш ишин оң чечип берүү үчүн жарандан акча талап кылган. Тергөөчү тагылган айыптарды дагы оор кылмыштарга алмаштырам деп коркуткан.

А.Е.А. пара менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх