Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде баңгизат сатуучу 13 кг гашиш менен кармалды

Жигиттин унаасынан жыттоочу ит баңги затын тапты

Баткен облусунда өзгөчө ири масштабдагы баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду.

ИИМдин маалыматына караганда, ыкчам кызматкерлер Бишкек-Исфана унаа жолунда Опел Зафира үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тинтүү учурунда кызматтык иттин жардамы менен салондун эшиктериндеги дубалга илинген жалпы салмагы 13 килограммдан ашык афган гашиши менен 13 брикет табылган.

 

 

1980-жылы туулган айдоочу А.Ж. кармалды.

Окуяга тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх