Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең менен Бишкектин тургунун көчөдөн тоноп кеткен

Кылмышка шектүү кармалды, милиция башка жабырлануучуларды издеп жатат

Бишкекте каракчылык фактысына шектелген жаран кармалганын борбор калаанын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 3-апрель күнү милицияга шаар тургуну кайрылып, ага 2-апрель күнү саат 06:00дөр чамасында Малдыбаев-Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, Xiaomi Poco X4 Pro үлгүсүндөгү 20 миң сомдук телефонун, 8 миң сомдук электрондук саатын, 6 миң сомдук зымсыз наушник жана 35 миң сом накталай акчасын тартып алып качып кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган М.Б.нын өздүгү такталып, кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Милиция башка жабырлануучуларды 0(707) 27-66-66 же 102 телефондоруна кабарлоону суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх