Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыл-Кыя шаарынын тургунунан 100 миң сомдук алтын буюмдары уурдалган

50 жаштагы аял кармалды

100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдаган деген шек менен Сузактын тургуну кармалды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга арыз менен 63 жаштагы Б.Ж. кайрылган. Анда ал Кызыл-Кыя шаарындагы үйүнөн белгисиз адамдар 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин “Уурдоо” негизинде кылмыш иши козголгон.

Уурулукка шектелип Сузак районунун 50 жаштагы О.А. кармалды. Уурдалган алтын буюмдар табылып, жабырлануучуга өткөрүлүп берилди.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх