Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бостериде 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Күнөөлүүлөргө өкүм чыгарылды

Төртөө тең абакка кесилди

Ысык-Көл райондук соту Бостериде 23 жаштагы жигитти өлтүргөн деп айыпталгандарга өкүм чыгарды.

Соттун чечими менен төрт айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, ар бири 15 жылдан эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги колонияда өтөөсү белгиленген. Мындан тышкары, алардын ар бири моралдык чыгым үчүн 250 миң сомдон төлөшү керек.

 

Эскерте кетсек, 23 жаштагы Бекболдун жансыз денеси 6-августта Бостери айылында "Золотые пески" пансионатынын жээгинен табылган. Милиция андан кийин өлүмдүн себеби эпилепсия оорусу болгонун билдирген. Бирок Бекболдун жакындары анын токмок жеп каза болгонуна толук ишенишкен.

7-августка кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында 8-августта Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Шектүү деп төрт жигит кармалган. Мындан тышкары адам өлтүрүү фактысы боюнча үч милиция кызматкери кармалган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх