Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылмыштуу топ "Достук" постунун жанында таксисттерден акча талап кылышкан

Шектүү 6 адам кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда “Достук” постунун жанынан таксисттерден акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга таксист кайрылып, март айынан бери белгисиз адамдар коркутуп акча талап кылып жатканын билдирген.

Акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жетектеген кылмыштуу топ системалуу түрдө жарандарды коркутуп-үркүтүү жана акча талап кылуу менен алектенип келгени аныкталган.

Шектүү делген Ош облусунун алты тургуну кармалып, СИЗОго киргизилди.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх