Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Көл шаарында пенсионер кичинекей балага ыдык көрсөттү деп шектелүүдө

Милицияга 6 жаштагы кыздын апасы арыз менен кайрылган

Кара-Көл шаарында 62 жаштагы жаран балага карата адепсиз жоруктарга шектелүүдө.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 11-апрель күнү милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын 6 жаштагы кызына карата ыплас аракеттер болду деген арыз менен кайрылган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин «Ыплас аракеттер» менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү ИИМге тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх