Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада унаа жардырган деп айыпталган СБУнун мурдагы кызматкери Кыргызстанда кармалды

Головченкону көчөдөн кармап, унаага жүктөп, аэропортко алып кетишкен

Украинанын Коопсуздук кызматынын экс-кызматкери Василий Прозоровдун унаасын жардырган деп айыпталган Владимир Головченко Кыргызстандын аймагында кармалганын ТАСС билдирди.

«Головченко Кыргызстанда кармалды, ал тергөөдөн жашырынууга аракет кылган. Аны кыргыз-орус күч түзүмдөрүнүн аракетинин аркасында кармоого мүмкүн болду», - деди агенттиктин маектеши кармоонун башка чоо-жайын айтпай. Анын айтымында, учурда тергөө Головченконун шериктери кимдер болгонун жана алар кайда жүргөнүн аныктап жатат.

Маалым болгондой, айыпталуучунун анын жубайы жашаган Украинада жашоого уруксаты бар, жана Кыргызстандын жарандыгы бар. Бул жерде анын апасы жана башка туугандары жашайт.

The Insider жазгандай, Владимир Головченкону көчөдө кармап, унаага жүктөп, аэропортко алып кетишкен.

18-апрелде Москванын Замоскворецкий райондук соту Головченкону камакка алган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх