Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Ата шаарынын тургунунан ири партия баңги заты табылды - Видео

Баңгизат сатуучу кармалды

Ысык-Ата районунда өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөчүлөргө Ысык-Ата районунун Интернационал айылынын тургуну өзгөчө ири көлөмдө баңги затын сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон..

Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган К.В. табышты. Анын үйүн тинтүү учурунда 575 грамм марихуана, 390 грамм гашиш жана 550 грамм баңги затынын уруктары табылган.

К.В. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен ал камакка алынды.

Сүрөт: ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх