Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аял 42 миң долларга жер тилкесин сатып алып, андан кийин ал тилке үчүнчү кишиге сатылып кеткенин аныктаган

Алдамчы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды

Сокулук районунда жер тилкеси менен алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө С.Ф. аттуу аял 2022-жылдын декабрь айында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан 5,4 га жер тилкесин 42 000 долларга ага сатып, бирок кийин ошол эле жер тилкесин үчүнчү жактарга сатып жиберген М.А.га карата чара көрүүнү суранган.

Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон (алдамчылык).

Кылмышка шектүү катары 1958-жылы туулган М.А.кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталып жатат.

Жабыркагандарды нөөмөт бөлүмүнүн 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 телефондоруна кайрылуусун суранабыз.

Сүрөт: БИИБ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх