Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 33 жаштагы жаран 15 жаштагы өспүрүмдү сабап салган

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты

Бишкекте 33 жаштагы жаран 15 жаштагы өспүрүмдү сабап салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Видеодо уйгө кире бериште киши бир жигитти урушуп, андан соң тепкичтен аны көздөй түшүп, башына ургандыгы жазылган. Андан соң кошуна батирден дагы бир адам чыгып, уруп-согууну токтотууга аракет кылып, эшиктин үстүндө орнотулган видеокамераны көрсөтөт (кыязы, ал жазылып жатканын эскерткен).

Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Укук коргоо органдарынын айтымында, алар менен өспүрүмдүн апасы байланышка чыккан. Анын айтымында, Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде бир адам анын 15 жаштагы баласын эч себепсиз сабап салган. Ал жарандын арызы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 1991-жылы туулган М.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Медициналык текшерүүлөр дайындалды.

Лейла Молдыбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх