Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокат районунда жер менен алдамчылык кылган чиновниктер кармалды (видео)

Алар 300 миллион сомго жакын бааланган жерди мыйзамсыз беришкен

Ноокат районунун кызмат адамдары жер тилкелери менен алдамчылык фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан «Жаш» участкасында жеке турак-жай куруу үчүн жергиликтүү тургундарга жер тилкелери трансформацияланбастан берилип, мыйзамсыз каттоого алынгандыгы боюнча фактылар аныкталды.

Жалпысынан айыл аймактын аймагынан 41 гектар жер тилкеси трансформациясыз мыйзамсыз, жасалма токтомдор менен берилген. Жер тилкелеринин жалпы орточо базар баасы болжол менен 300 миллион сомду түзөт.

Бул факты боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жана Ноокат районунун башка мамлекеттик мекемелеринин бир катар жооптуу кызматкерлерине: Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Н.З., райондун жер ресурстары боюнча адиси Э.Э.Т. , Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы Б.А.Э., жетектөөчү адис А.Н.М., картограф К.И.Т. жана каттоо бөлүмүнүн башчысы С.Т.С.га айып тагылган

Ош шаардык сотунун чечими менен алар 9-майга чейин камакка алынып, КР УКМКнын СИЗОсуна камалды.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх