Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургуну АКШга жөнөтөм деп шылуунга 28 миң доллар берген

Шектүү бир адам кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, 26-март күнү милицияга шаар тургуну кайрылып, Р.Д. жана Р.Д.га карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, алар АКШга жөнөтөбүз деген шылтоо менен андан 28 миң 400 доллар алып, бирок убадасын аткарышкан эмес.

Бул фактынын негизинде 209-берене (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 1991-жылы туулган Р.Д. кармалды. Соттун чечими менен ал 2 айга СИЗО-1ге киргизилди.

 

Анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх