Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте чет элдик жаран караокеге жамынып, жашыруун казино ачкан - видео

Тинтүү учурунда казинодон 13 кыз, анын ичинде бир жашы жете элек кыз табылган

Бишкекте караокеге жамынып, айрым адамдардын чөйрөсү үчүн иштеген көмүскө кумар оюн жайын тергөөчүлөр аныкташты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекемеде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда Азия мамлекеттеринин биринин 20дан ашык жараны, ошондой эле 13 кыз болгон, алардын бири жашы жете элек болуп чыкты. Бөлмөдөн кумар ойноочу столдор табылган. Тинтүү учурунда накталай акча жана чиптер алынган.

Чет элдиктер менен кыздар милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Кумаркана уюштурууга шектелип, 1984-жылы туулган чет элдик Ч.Х., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле аталган мекеменин администратору 1983-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну М.А. кармалды.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх