Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

15 жаштагы өспүрүмдү сабаган адам камактан бошотулду

Сот аны үй камагына чыгарды

15 жаштагы өспүрүмдү сабаган 33 жаштагы жаран үй камагына бошотулду. Мындай чечимди борбор калаанын райондук соту чыгарды.

М.А.га буга чейин бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тепкичинде уруш учурунда өспүрүмдү болгон күчү менен муштуму менен башына чаап жиберген видео тараган. Жабырлануучу баш мээси чайкалып ооруканада жатат.

Окуучунун апасы милицияга арыз жазган. Кылмышка шектүү М.А. Андан соң кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх