Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Романовка айылындагы эс алуу борборунун жанына «закладка» жасашкандар кармалды - Видео

Бешөө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Чүй облусунда “закладчиктер” кармалды, деп билдирди облустук ИИБнин басма сөз кызматы.

Мекемеден билдиришкендей, 20-апрелде түнкү саат 00:00 чамасында Сокулук районунун Романовка айылындагы Флорида эс алуу борборунун жанында белгисиз адамдар « закладка» жасап жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282 беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо)боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, Перон станциясынын жанынан «альфа-PVP» психотроптук заты сакталган кампаларды табышкан.

Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы И.Р., 23 жаштагы Г.А., 20 жаштагы А.Ф., 19 жаштагы М.М. жана 18 жаштагы П.С. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото: Чүй облустунун ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх