Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аялын сабап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды - видео

Анын үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Бишкекте аялын сабап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 6-февралда бир аял милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, күйөөсү М.С. аны системалуу түрдө жыл бою аны сабап турат. Ошентип, 2023-жылдын август айында күйөөсү аны 4-кичирайондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда сабап, качып кеткен.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган 1972-жылы туулган М.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Анын үйүн тинтүү учурунда 2 даана ок атуучу курал жана 5 даана ок-дарылар табылып, алынган. Экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото: ИИМ басма сөз кызматы

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх