Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад жана Талас облустарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Үч күндүн ичинде өлкөнүн түштүгүндө 30дан ашык сел жүрдү

Жалал-Абад жана Талас облустарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов брифингде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал бардык аймактарга эмес, сел жүргөн аймактарга киргизилген.

«Селдин кайда жана качан болорун алдын ала айта албайбыз. Акыркы жылдары биз бороон-чапкын тууралуу эскертүүлөрдү берип жатабыз. Бирок бул кайсы жерде болушу мүмкүн, биз конкреттүү маалыматтарды бере албайбыз. Ошондуктан, кырсыкка даяр эмес деп кимдир-бирөөнү күнөөлөш эртелик кылат», - деп белгиледи ал.

Шамырканов учурда селден келтирилген материалдык чыгым эсептелип жатканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош облусунда селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар аймактарда 20-апрелден бери 30дан ашык сел жүрдү. Үйлөрдү, жолдорду суу каптады. Айрым айылдарда жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда.

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх