Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Сууда чагылган уруп, өспүрүм каза болду

Каргашалуу окуя 21-апрелде болгон

Ош облусунда чагылгандын кесепетинен өспүрүм каза болду. Бул тууралуу бүгүн брифингде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, каргаша 21-апрелде Кара-Суу районундагы айылдардын биринде болгон.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, унааны адамдары менен кошо агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар эки аял менен бир баланы алып чыкканга үлгүрүшкөн, бирок айдоочуну агын суу алып кеткен. Кийинчерээк анын сөөгү табылган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх