Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда - Видео

Ондогон куткаруучулар жана атайын техника иштеп жатат

Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда, деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, тазалоо иштерине 60ка жакын куткаруучу тартылган:

- Ылай-Таала айылында 9 куткаруучу иш алып барууда, 1 куткаруучу техника АСМ;
- Кара-Кочкор айылында - 5 куткаруучу;
- Кызыл-Дыйкан айылына 10 куткаруучу;
- Жылал айылында - 9 куткаруучу;
- Мырза-Арык айылына 20 куткаруучу;
- Тогуз-Булак айылында кесепеттерин жоюуга 4 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Жеринде атайын техника да бар.

Эскерте кетсек, селден улам Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар аймактарда 20-апрелден бери 30дан ашык сел жүрдү. Үйлөрдү, жолдорду суу каптады. Айрым айылдарда жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда.

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх