Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция дагы бир үй-бүлө тиранын кармады - Видео

Социалдык тармактарда жубайлардын ортосундагы жаңжалдын видеосу тараган

Бишкекте аялын сабаган адам кармалганын борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, буга чейин милицияга шаар тургуну кайрылып, анын 28 жаштагы К.Т. аттуу күйөөсү аялын Кара-Жыгач конушундагы Кегете-Таш көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунда сабап салган.

Окуя тартылган видео социалдык тармактарга да тараган.


Аталган факты боюнча ИИМ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

К.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх