Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө эки чет элдик жаран сууга чөгүп каза болду

Кырсык “Голубой Иссык-Куль” санаториясында болгон

Ысык-Көлдө эки адам чөгүп каза болгонун ӨКМге шилтеме берүү менен ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 112 кызматына Чолпон-Ата шаарындагы «Голубой Иссык-Куль» санаториясында эки адам чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Индиянын жарандары.

Окуя болгон жерге беш куткаруучу жеткирилген. Алар бир адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен. Экинчисинин сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыгышкан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх