Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте чет элдик жаран дүкөндүн сатуучусун мыкаачылык менен сабады - Видео

Зөөкүр жыгылып калган аялды бетке тепкен

Бишкектин 6-кичи районунда эркек киши дүкөндүн сатуучусун мыкаачылык менен сабап салганын ММКлар милициядагы булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 24-апрель күнү кечки саат сегиздер чамасында болгон. Белгисиз адам дүкөнгө кирип, өзүн туура эмес алып жүрүүгө аракет кылып, сатуучу аялга кол көтөрүп, сабап салган. Ондан соң, жыгылып калган аялды бетке тепкен.

Жабырлануучу аял милицияга өзү чалганга үлгүргөн.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал чет элдик жаран жана кол салуу учурунда мас болгон.

Аял ооруканага жаткырылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх