Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдар үйүндөгү ымыркайдын өлүмү. Баланы саткан акушерка кармалды

Ал жаңы төрөлгөн баланы 3400 долларга саткан

Борбор калаадагы ооруканалардын биринин мурдагы акушер-гинекологу балдарды саткан деген шек менен кармалды. Редакциянын маалыматын борбор калаанын милициясы тастыктады.

61 жаштагы А.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Бишкектеги ымыркайлардын үйүнүн биринде 4 айлык кыз каза болуп, аны багып алган энесинен документтери толук эместигинен улам күч менен тартып алганын маалымдаган. Бул факты боюнча РИИБдин, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунун жооптуу кызматкерлерине 348-берене (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун жетекчиси 4 айлык кыздын кабыл алынышы жана өлүмүнүн чоо-жайын айтып берген. Ал ошондой эле багып алган эне ымыркайды акушерден 3400 долларга сатып алганын айткан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх