Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ишкерди уурдап кетип, 140 миң доллар талап кылышкан - Видео

Алты адам, анын ичинде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Бишкекте бир адамды уурдап, опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 22-апрелде 33 жаштагы ишкерди белгисиздер Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде жолугушууга чакырышкан. Ал жерден аны унаага салып уурдап, белгисиз тарапка алып барып, 140 миң доллардан ашык акча талап кыла башташкан.

Ишкердин жубайы милицияга арыз жазган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 6 адам кармалды, алардын бири Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Алар тергөө кызматына жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх