Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кеминде 9-класстын окуучусу рэкетчилик менен кармалды

Учурда кылмыш иши козголду

Кемин шаарында 9-класстын окуучусу рэкетчилик менен кармалганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 21-апрелде милицияга А.Казакбаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу У.К. ошол эле мектептин 8-классынын окуучуларын системалуу түрдө сабап, акча талап кылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн .

КР Кылмыш-жаза кодексинин 208 беренеси боюнча кылмыш иши козголгон (опузалап акча талап кылуу).

Окуучу райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ага карата баш коргоо чарасын тандоону Кемин райондук соту чечет.

 

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх